Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниесы
2013-жылдын 9-декабры № 9/5
Алай токойчулугунун башчысы Капаров Сайдимаматтин билдирүүсүнө ылайык Жошолу айылдык кеңешинин укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып, талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай токойчулугунун башчысы С. Капаровдун Алай токой чарбасын түзүү жөнүндөгү билдирүүсү жана Жошолу айылдык кеңешинин укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын чечими жактырылсын.
2. Алай токойчулугун калыбына келтирүү, жашылдандырууну, коргоону күчөтүү, токой базасын чыңдоо, уюштуруучулук, укуктук маселелерди мыйзам чегинде өз учурунда чечүү, чара көрүү максатында Алай районунда Алай токой чарбасын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жошолу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдиевага жана айылдык кеңештин укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |