Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын IX заседаниесы
2013-жылдын 9-декабры № 9/6
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттан өткөрүү үчүн долбоорду кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоору мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн долбоор жазылганы туура деп табылсын.
2. № 46 А.Бейшеев атындагы негизги мектебине кошумча корпус (ашкана) куруу үчүн 1927685 (бир миллион тогуз жүз жыйырма жети миң алты жүз сексен беш) сом керектелет. Анын өздүк салымы 96,600 сомду түзүп, 50,000 (элүү миң) сом акча каражаты демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми 46,600 (кырк алты миң алты жүз) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн өздүк кирешесинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Кошумча корпус (ашкана) курууга керектелүүчү төлөмдөрдү келишимге ылайык өз убагында төлөп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев |