Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 13/1
Элге ветеринардык кызмат көрсөтүү жана ветеринардык оорулардын алдын алуу жана ветеринардык шаймандардын вет.сервистерде сакталышы жөнүндө
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айыл өкмөтүндө элге ветеринардык кызмат көрсөтүүдө жана ветеринардык жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча вет адистердин жүргүзгөн иштери мүчүлүштүктөрдү, кемчиликтерди эске алуу менен «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
Малдын түрүнө карабай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча эмдөөлөр өз учурунда жүргүзүлүп, жеткиликтүү чаралар көрүлүп турулсун.
Мамлекет тарабынан алынып келинген бөлүнгөн шаймандар вет адистер тарабынан өз учурунда пайдаланылып, вет адистерде өз эрежесинде сакталсын.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн вет адистерине милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |