Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 13/2
Мектептердин жаңы 2014-2015- окуу жылына карата даярдыгы, мектеп, мекеме ишканалардын ремонт иштеринин абалы, кышка карата даярдыктары, мектептерде шашке тамакты берүүнүн уюштурулушу, санитардык абалы жөнүндө Жошолу айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөткө караштуу мектептердин жаңы 2014-2015-окуу жылына карата даярдыгы, мекеме ишканалардын ремонт иштеринин абалы, кышка карата даярдык көрүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөндүгү, ошондой эле бир катар кемчиликтердин орун алгандыгы белгиленсин.
2. Кыш мезгилине карата мектеп имараттарынын жана от казандары жайгашкан бөлмөлөрүндөгү электр өткөргүчтөрүн талапка ылайык тартуу, трансформатордук подстанциялардын айланасын тосуп, коопсуздук абалын камсыздоо, өрт калканчасынын шаймандарын толуктоо, имараттардын айланасындагы бак-дарактарга кам көрүү жагы мектеп директорлоруна, ишкана жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Мектептерде электр энергиясын үнөмдөө максатында, мүмкүнчүлүккө жараша электр энергиясы менен жылытуучу мектептерди көмүр менен жылытууга өткөрүү жагы мектеп директорлоруна тапшырылсын.
4. Мекеме-ишшканалардын, мектептердин бөлмөлөрүндө жылуулукту сактоо максатында терезелерди жылуулоо, эшиктерди бекемдөө иштери алынып барылсын, түзүлгөн келишимдерге ылайык көмүр тартып келүү иш аракеттери көрүлсүн.
5. Мектеп директорлоруна милдеттендирилсин:
Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана олимпиададан көрсөткүчкө жетүү максатында иш чараларды түзүп иштөө;
Окуучулардын бирдей формага өтүүсүнүн зарылдыгын коомчулукка жеткирүү;
1-4-класстарга шашке тамак берүүдө тендерден утуп алган ишкерлердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөп, балдардын тамак ашынын сапаттуулугуна кам көрүү;
6. Китепкана башчылары калктын руханий дүйнөсүн байытуу, китеп сүйүүчүлөрдү маданияттуу тейлөө максатында тийиштүү мекемелер менен бирдикте диспут-кечелерди, викториналарды өткөрүү боюнча жетиштүү иш аракеттерди көрүшсүн.
7. Жалпы калкты руханий-маданий жактан тейлөөдө элдик театрдын жүргүзгөн иш аракеттерине, алардын демилгелерине тийиштүү жеткиликтүү колдоолор көрсөтүлсүн.
8. Эмканалар калктын ден соолугун сактоо жана ар кандай оорулардын алдын алуу максатында өз учурунда эмдөөлөр жүргүзүлүп, профилактикалык иш чаралар өткөрүлүп, ар дайым талаптагыдай кечиктирилгис иш аракеттер жүргүзүлсүн.
9. Токтомдун аткарылышын камсыздоо мектеп, мекеме ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |