Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 13/3
Жошолу айылдык Кеңешинин социалдык мекемелер боюнча туруктуу комиссиясынын калктын жем, чөп, отун менен камсыз болушу , кышка карата даярдыктары боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жошолу айыл өкмөтүндө жалпы элдин кышка карата жем-чөп менен камсыз болушу аба ырайынын кескин өзгөрүп ысык болгондугуна карабастан жетиштүү өлчөмдө даярдалгандыгы белгиленсин.
Калктын жашоо шартын климаттын оордугун эске алып айыл өкмөтү учурда Талды-Суу айылында жайгашкан ПЕРИТИ –КОАЛ ишканасы менен жетиштүү өлчөмдө көмүр алуу үчүн келишим түзгөндүгү белгиленсин.
Түзүлгөн келишимге ылайык айыл аймагында топбаза уюштурулуп, кыш түшконгө чейин калкты жетиштүү өлчөмдө көмүр менен камсыз кылуу боюнча шашылыш чаралар көрүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчыларга, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |