Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-сентябры № 13/4
Жошолу айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин билдирүүсун кароо жөнүндө
Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кургакчылык болгондугуна байланыштуу Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген арпа түшум албай калгандыгы жөнүндө Жошолу айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевдин билдирүүсун угуп жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы эгилген 76 гектар арпанын 4 гектар жеринен түшүм алынбай калгандыктан, тоют катары орулгандыгы анык экендиги белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жошолу айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |