ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/1
Жошолу айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун инспекторунун 2014-жыл ичинде аткарган ишинин жыйынтыгы жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо столунун инспектору Т.Турганбаевдин 2014-жыл ичинде аткарган ишин берилген билдирүүлөр жана өзүнүн отчетунун негизинде «канааттандырарлык» деп белгиленсин.
2. «Жарандардын жалпыга бирдей аскерге милдеттүүлүк, аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Т.Турганбаевге райондук чакырууга жарактуу эркек жарандардын өз убагында камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3. Жогоруда аталган мыйзамдын негизинде аскерге чакыруудан баш тарткан жарандарды издөө жана чакыруу участкасына камсыздоо , аскерге каттоо столунун инспекторуна жардам көрсөтүү участкалык инспектор Абдыкапаров Курманбекке милдеттендирилсин.
4. Альтернативдик кызматтагы жарандарды коомдук ишке катыштыруунун уюштуруу айыл башчыларга жуктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо аскерге каттоо столунун инспектору Т.Турганбаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |