ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/3
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Тапан айылында жайгашкан Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин эски имаратына 60 орундуу № 21 « Дил булак» бала бакчасын ачуу тууралуу
Үч-Чат айылынын элдик жыйынынын 2014-жылдын 12-январындагы № 1 протоколун жана бала бакчанын жетекчиси А.Муңайбасованын сунушун карап чыгып жана талкуулап
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 22-декабрындагы Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI заседаниесинин №11/7 токтомунун I пункту жокко чыгарылсын.
2. Чат айылынын элдик жыйынынын 2014-жыл 12-январдагы № 1 протоколунун негизинде аталган аймактагы 6 жашка чейинки балдарды бала бакчага тартуу жана тарбиялоо максатында №21 Ш.Сатиев атындагы орто мектебинин эски имаратынын жалпы пайдалуу аянты толугу менен 60 орундуу № 21 « Дил булак» бала бакчасын ачуу үчүн убактылуу өткөрүлүп берилсин.
3. Бала бакчага тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура жана курулуш, кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкармалыгынан, ал эми каттоодон өткөрүп берүү жагы Ош областык Юстиция башкармалыгынан, бала бакчанын ачылышы боюнча тиешелүү кадр маселесин чечип берүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Бала бакчанын ачылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын жана техникалык базасын чыңдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |