Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/3-3
Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 62-статьянын 5-бөлүгү, 64-статьянын 1-бөлүгү 66-статьянын 3-бөлүгүнүн негизинде
Жошолу айылдык кеңешинин 2008-жылдын 1-декабрындагы айыл окуругуна караштуу Миязды айылындагы мурдагы курулган ГЭСтин ордуна кайрадан кичи ГЭС куруу жөнүндөгү № 3/5-2 токтомун жокко чыгаруу тууралуу
Жошолу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин 2008-жылдын 1- декабрындагы айыл окуругуна караштуу Миязды айылындагы мурдагы курулган ГЭСтин ордуна кайрадан кичи ГЭС куруу жөнүндөгү № 3/5-2 токтому жокко чыгарылсын.
2. Миязды айылынын тургуну Чөмчөбаев Арстанбектин кичи ГЭС куруу жөнүндөгү арызы негизсиз деп табылып, Жошолу айыл өкмөтү менен А.Чөмчөбаевдин ортосундагы 2009-жылдын 9-февралында түзүлгөн келишимдин 2-бөлүмүнүн 2/3 пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык аталган айылдагы мини ГЭСтин курулбагандыгына байланыштуу ГЭС куруу үчүн берилген 0,85 сотых жер, жеке менчик үчүн берилген каналдын узундугу 1,5км, туурасы 23 метр жер тилкеси өкмөткө алынып, кайрадан мурунку үлүш жердин өз ээлерине кайтарылып берилсин.
3. Жошолу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Төрөшев менен А.Чөмчөбаевдин ортосундагы 2009-жылдын 9-февралында түзүлгөн келишимдин 2-бөлүмүнүн 2/3 пунктунда көрсөтүлгөн
«2.3. Использовать земельный участок для строительство мини ГЭС в течение 3 года по целевому назначению;
2.4. В случае нарушения сроков строительство мини ГЭС айыл окмоту могут решит односторонном порядке настоящего договора» деген пункттары эске алынсын (тиркеме тиркелет).
4. Кабыл алынган токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына жана айылдык кенештин жер бөлүштүрүү боюнча туруктуу комиссиясы М.Шамшиевге ошондой эле жер адиси М.Топчубаевге тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |