Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/3-4
Айыл аймагында аш-тойлордо, маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарды жоюу, тазалыкты сактоо багытында иш алып баруу жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында үрп-адат, каада-салт, ырым жырымдарды тартипке келтирүү жана тазалыкты сактоо багытында түзүлгөн комиссия, демилгелүү топтордун иш алып баруусу жандандырылсын.
2. Ар бир айылда түзүлгөн аксакалдар, аялдар,жаштар кеңештери үрп-адат, каада салт, ырым-жырымдарды тартипке келтирүү багытында иш алып барууну иш чаралар планына киргизишсин, жүргүзүлгөн иштерди отурумда карашып,ыксыз чыгымдарды тартипке келтирүү боюнча аткарылган иштерди бардык айылга жайылтуу жагы колго алынсын.
3. Айыл аймагында элдин ден соолугуна кам көрүү колго алынып,айылдардын, коомдук жайлардын санитардык абалын жакшыртуу, түрдүү көчөттөрдү ,гүлдөрдү эгүү, ар бир үйгө таштанды төгүүчү чуңкурчаларды өз огородуна даярдоо, экологиялык дааратканаларды курууну уюштуруу айыл башчыларга, ден соолук комитеттерине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |