Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XV заседаниеси
2014-жылдын 22-декабры № 15/3-5
Алай районундагы Алай өз алдынча баланстагы токойчулугун Алай токой чарбасы статусуна которуу жөнүндө
Алай районундагы Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө, Алай, Бүлөлү мастердик участкалары жайгашкан. Жер аянты боюнча Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эң ириси болуп эсептелет.
Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына, ийне жалбырактуу арча, карагай көчөттөрүн өстүрүүгө, питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү, райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында
Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээктерди бекемдөөчү Гүлчө дарыясынын бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул чечимди бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары |
Н. Аттокуров |