Редакцияот 17.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV заседаниеси

 

2014-жылдын 17-октябры № 14/1

Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2014- жылдын 9 айында бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир беренелерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз заседаниеси

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” мыйзамынын 15-беренесине ылайык,Жошолу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2014- жылдын 9 айына бекитилген сметасындагы акча каражатынын кээ бир үнөмдөлгөн беренелеринен зарыл болгон беренелерге жылдыруу жагы каралсын.

 

бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

берене

 3- квартал

көбөйтүү

азайтуу

701

Аппарат

Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу

3111

 

-95,0

709

Китепкана

Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу

3111

45,0

 

708

Мадапният үйү

Жабдууларды жана материалдарды сатып алуу

3111

50,0

 

 

2.Жогорудагы акча каражатын 2014-жылдын 9 айына бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу , максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын ФЭБ башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.

 

 Төраганын орун басары

 

Н. Аттокуров