Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X заседаниеси
2014-жылдын 14-февралы № 10/2
“Жошолу айыл өкмөтүнүн 2012-2013-жылдардагы бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылга бюджетти бекитүү, 2015-2016-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө”
Жошолу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгу 1130,6 сомго, чыгаша бөлүгү 19174,0 сомго аткарылгандыгы жактырылсын.
2. 2014-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1223,6 сомго, чыгаша бөлүгү 7447,8 сомго аткарыла тургандыгы бекитилсин.
3. 2016-жылга Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1381,6 сомго, чыгаша бөлүгү 7499,8 сомго болжолдуу бекитилсин.
4. 2016-жылга Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 1512,6 сомго, чыгаша бөлүгү 7551,8 сомго болжолдуу бекитилсин.
5. Бюджетте каралган акча каражатын максаттуу жана өз убагында смета боюнча жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
6. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердеги жана мекемелердеги отчет-учет иштерин өз убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме жетекчилерине жана чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына жуктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго тапшырылсын.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |