Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X заседаниеси
2014-жылдын 14-февралы № 10/3
2003-2013-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц.объектилердин, сатылып алынган негизги каражаттардын баланска алынып кириштелиши жөнүндө
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүндө 2003-2013-жылдар арасында ар кандай мамлекеттик эмес уюмдардын жана демөөрчүлөрдүн, ошондой эле бюджеттин эсебинен курулган соц.объектилер айыл башчылар, мекеме жетекчилери аркылуу такталып, түзүлгөн реестрлер айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул жылдар арасында курулган соц.объектилер, сатылып алынган инвентарлар, мамлекеттик эмес уюмдардан жана демөөрчүлөр тарабынан келген инвентарлар, материалдык каражаттар айыл өкмөтүнун негизги тизмесине катталып, баланска алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктолсун.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |