Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X заседаниеси
2014-жылдын 14-февралы № 10/4
Жошолу айылдык кеңешинин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын, Жаңы-Турмуш айылындагы жашоочулардын турак жайларын сел ташкынынан сактоо максатындагы баяндамасы жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылынын жашоочуларынын турак жайларын кыш мезгилиндеги жааган оор кардын жана жазгы нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел алып кетүүсүнөн сактоо максатында Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Турмуш айылындагы айыл жашоочуларынын турак жайларын сактоо максатында коргоочу дамба жөнүндө долбоор жазылып, сунушталсын. ( 140 метр).
2. Айыл өкмөтүнүн акча каражатынын тартыштыгына байланыштуу, бул долбоор ӨКМдин авариялык калыбына келтирүү иштеринин 2014-жылдагы мерчемине киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Жошолу айылдык кеңешинин коммуналдык чарбалар жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |