ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X заседаниеси
2014-жылдын 14-февралы № 10/5
Жошолу айыл аймагына караштуу Осоавиахим - Миязды айылына эмкана куруу үчүн түрткү берүүчү гранттын долбоорун карап жана талкуулап
Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осоавиахим - Миязды айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору жактырылсын.
2. Осоавиахим - Миязды айылына эмкана куруу үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору 1904,734 сомду түзөт.Бардык өздүк салым 190 474 сомду түзүп, анын ичинен кол күчү менен 95 237 сомдук жумуш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-июнундагы № 462 токтомунун негизинде 95 237 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төгүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Эмканага керектелүүчү төлөмдөрдү келишимге ылайык өз убагында төлөп берүү жагы айыл өкмөттүн финансы -экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго жана айылдык Кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |