Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси
2015-жылдын 5-февралы № 17/3
Жошолу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы жана 2015-жылга бюджетти бекитүү, 2016-2017-жылдарга бюджетти болжолдуу бекитүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү 7447,8 сомго, чыгаша бөлүгү 8855,074 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2015-жылда Жошолу айыл өкмөтүнүн жалпы бюджети 7552,5 сомго, анын ичинен өздүк киреше 1352,0 сомго, толуктоочу грант 6200,5 миң сомго кабыл алынып, бюджеттин чыгаша бөлүгү 7552,5 миң сомго бекитилсин.
3. 2016- жылга Жошолу айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 7761,9 миң сомго 2017- жылга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоор планы 7926,2 миң сомго болжолдуу бекитилсин.
4. Жошолу айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептердеги жана мекеме-ишканалардагы отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектептердин чарбалык иштер боюнча директордун орун басарларына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландоо жана бюджет социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилип, аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ж.Өмүрзаковго, бөлүм башчысы Б.Эрмекбаевага жүктөлсүн.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |