Редакцияот 05.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси

 

2015-жылдын 5-февралы № 17/4

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2015-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен жетишпеген жана керектүү статьяларга бөлүп берүү жөнүндө

Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2015-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен Жошолу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде төмондөгү беренелерге бөлүнүп берилсин:

№

Разделдер

 

Статья

Сумма

Эмне үчүн

1

701

2215

18,0

резервдик ротага форма тиктирүү

2

701

2222

40,0

Кредитордук карыздар үчүн

3

709

2221

15,0

С.Төрөшев мектебинин ремонту үчүн

4

709

2221

16,0

К.Турганбаев мектебинин ремонту үчүн

5

709

3111

100,4

Мектепке чейинки балдар мекемесине жабдыктарды алуу үчүн

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын керектүү статьялар боюнча туура, максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн бөлум башчысына милдеттендирилсин.

3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн статьяларга кошумча план киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.

 

Жошолу айыл өкмөтүнүн

Кеңешинин төрагасы

 

К. Алдашев.