ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVII заседаниеси
2015-жылдын 5-февралы № 17/7
Орозбай уулу Жеңишбекке жана Бакаева Айнагүлгө депутаттык мандат берүү жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин депутаттары Алдашев Кубанычбек Топчубаевичтин жана Кожомбердиев Оморали Сатылгановичтердин каза болгондугуна байланыштуу бул депутаттардын мандаттарын токтотуу жана кезектеги талапкерлер Орозбай уулу Жеңишбекке жана Бакаева Айнагүлгө депутаттык мандат берүү тууралуу
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Алдашев Кубанычбек Топчубаевичтин каза болгондугуна байланыштуу № 5136 Үч-Чат шайлоо участкасынан андан кийинки көп добуш алган Орозбай уулу Жеңишбек анын ордуна айылдык кенештин депутаты деп таанылсын.
2. Жошолу айылдык кеңешинин депутаты Кожомбердиев Оморалы Сатылгановичтин каза болгондугуна байланыштуу, № 5137 Кызыл-Кыя шайлоо участогунан андан кийинки депутаттыкка талапкерлер Т.Топчубаев жана А.Танаевдердин депутаттыктан баш тарткандыгына байланыштуу андан кийинки кезектеги талапкер Бакаева Айнагүл Мусаевна айылдык кеңештин депутаты деп таанылсын.
3. 2012-жылдын 25-ноябрдагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун» жыйынтыгы боюнча тизмеде кийинки талапкерлер Орозбай уулу Жеңишбекке жана Бакаева Айнагүлгө депутаттык мандат берүү Алай аймактык шайлоо комисссиясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин төрагасы |
К. Алдашев. |