Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кабак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVI чакырылышынын 6-сесиясы
2014-жылдын 14-марты № 26-6-3
Кабак айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана мал башына тарифтерди бекитүү жɵнүндɵ
Кабак аймагынын айыл кеӊешинин сессиясы, Кабак айыл аймагынын жайыт комитетинин тɵрагасы А.Рысалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылга карата бюджети 107954 (жүз жети миӊ тогуз жүз элүү тɵрт) сом менен бекитилсин.
2. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жайыт комитетинин 2014-жылга малдын башына тɵмɵндɵгүдɵй тариф бекитилсин: майда жандыктарга бир башка12 сом, жалпы бодо малдын бир башына 60 сом.
3. Жайыт комитетинин бюджетин туура пайдаланууну жана бекитилген тариф боюнча жайыт пайдалануучулардан чогултууну Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн жайыт комитетинин тɵрагасы А.Рысалиевге милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Имеров |