Загрузка документа…
КАБАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кабак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын 10- сесиясы
2014-жылдын 16-октябры № 26-10-1
Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Кызыл-Коргон айылындагы «Сайнап –Уултай» бала бакчасына кошумча бир группа ачуу жɵнүндɵ
Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Кызыл-Коргон айылындагы «Сайнап –Уултай» бала бакчасына кошумча бир группа ачуу максатында Кабак айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн Кызыл-Коргон айылындагы «Сайнап–Уултай» бала бакчасынын имаратты Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 219 токтомунун негизинде («Өрнɵк» ФАПнан алынып) толугу менен бала бакчанын карамагына ɵткɵндүгүнɵ байланыштуу жана бала бакчага келүүчүлɵрдɵн санынын ɵскɵндүгүнүн негизинде кошумча бир группа ачылсын.
2. «Сайнап-Уултай» бала бакчасына кошумча группа ачылгандыгына байланыштуу штаттык бирдиктерин толуктап, иреттке келтирип берүү жагын Жумгал райондук билим берүү бɵлүмүнɵн суралсын.
3. Бала бакчага балдардын санынын кɵбɵйгɵндүгүнɵ байланыштуу тамак аш жана башка чыгымдарга акча каражатын чечип берүү менен бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоону жана Нарын облустук юстиция баркармалыгынан каттоодон ɵткɵрүүнү Кабак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы М.Шейшеновго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Б. Имеров |