Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-5/134
Гагарин көчөсү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин Кочкор-Ата шаарындагы Гагарин көчөсүндөгү скверди гүлзарга айландыруу боюнча сунушун, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы өз отурумунда карап жазган тактамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-31- 32-41-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Т.Абдрамановдун маалыматы жактырылсын.
2. Гагарин көчөсүндөгү скверге уланып курулуп жаткан Жантаев Шермаматтын павильонунун жогору жагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көтөрүп тосмолоп гүлзарга айландыруу муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
3. Гагарин көчөсүндөгү мыйзамсыз коюлган будкаларды бир айлык мөөнөт ичинде алдырууну жана мекеме-уюмдардын, сода түйүндөрдүн, банктык мекемелердин айланасын гүзарга айландырууну уюштуруу шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Гагарин көчөсүндөгү скверге уланып курулуп жаткан Жантаев Шермаматтын павильону долбоор боюнча курулуусун көзөмөлдөөнү шаардык архитектура бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Артыков |