Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 29-декабры № 01-5/136
Каржы-экономика бөлүмүнүн 9 айлык отчёту жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча, 9 айдын киреше бөлүгү 49 808 000 сомду, чыгаша бөлүгү 44 186 478 сомду түзүп, чыгаша бөлүгү 88% аткарылгандыгын угуп жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчётту 9 айда эмес, 6 айда жана бир жылдык мөөнөттө берүүсүн талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» мыйзамынын 52-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткулованын, 2014-жылга шаардык бюджеттин аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруусу каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүн шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Б. Артыков |