Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-марты № 40
Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан берилген 2015-жылдын 13-мартындагы № 432-11/3-15 прокурордук каршылыгын угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пункту боюнча Токтогул районунун прокурорунун каршылык билдирүүсүнүн негиздүүлүгү белгиленсин.
2. Токтогул шаардык кеңешинин 2014-жылдын 19-сентябрында кабыл алынган № 25 токтомунун 4 пунктуна төмөндөгү өзгөртүү киргизилсин:
- бул пункттан “кварталына бир жолудан кем эмес текшерип” деген сөз алынып салынсын;
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте каттоого алынсын (С.Наралиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Билим берүү, медицина, маданият, спорт, жаштар саясаты, экология-санитардык абал, мамлекеттик стандарт боюнча” (М.Ондошева) жана “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенция этикасы, калктын социалдык абалы, арыздар, каттар, мыйзамдуулукту чыңдоо, даректүү жардам, жумушсуздук боюнча” (К.Мыктаров) туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бети) жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
К. Дербишев |