Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/4
“Ырыс айыл аймагынын атуулдарын Ырыс Кудайбердиеванын 100 (жүз) жылдыгынын юбилейлик медалы менен сыйлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын “Айыл Мыйзамынын” жана айыл кеңешинин регламентинин негизинде айыл кеңешинин депутаттарынан турган демилгечитоптун сунушун депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ырыс Кудайбердиеванын 100 (жүз) жылдыгына карата юбилейлик медалды даярдоо, ыйгаруу боюнча жобо кабыл алынсын жана областтык юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн. (жобо, медалдын эскизи жана сүрөттөлүшү тиркелет)
2. Медалды, күбөлүктү жана башка керектүү материалдарды даярдоого сарпталуучу чыгымдарды каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
3. Жобону каттодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановго милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө.
Ырыс айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Атакулов |
Сузак районунун Ырыс айыл кеңешинин 2015-жылдын 28-февралындагы XV сессиясынын №15/4 токтомунун негизинде бекитилген.
I Негизги жобо
II Медалды ыйгарууга татыктууларды сунуштоонун тартиби
III Керектүү документтер
IV Сунуш алган талапкерди кароонун тартиби
V Медалга туура келүүчү критерийлер
Ырыс айыл аймагындагы сыйланууга татыктуу жарандарга Ырыс Кудайбердиеванын 100 жылдыгына карата атайын даярдалган медалга көрсөтүү жөнүндөгү Жобо Айыл мыйзамынын (Устав) жана Ырыс айыл кеңешинин Регламентинин негизинде иштелип чыкты.
I Негизги жобо
1. Жобо татыктуу жарандарга “Ырыс Кудайбердиеванын 100 жылдыгынакарата” юбилейлик медалды ыйгаруунун тартибин аныктайт.
2. Юбилейлик медалга татыктуу инсандардын тизмесин, айыл кеңешинин сессиясында бекитилген комиссиянын курамы карайт.
3. Жобо татыктуу жарандарга медалды ыйгаруу менен инсандын эмгегин баалап, эске алып, кадыр баркын сактап, келечек муундарга үлгү катары көрсөтүү менен жаштарды эмгекчилдикке, мекенин сүйүүгө жана ак ниети менен кызмат кылууга тарбиялоону максат кылат. Ырыс айыл аймагынын түптөлүшүнө, социалдык экономикалык өнүгүүсүнө, илим, билим, медицина, маданият, спорт, айыл чарба, ишкердикти өнүктүрүү, улуттур аралык ынтымакты чыңдоодо таасирдүү эмгеги сиңген атуулдарга ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 2 (эки) жылдан кем эмес, жергиликтүү кеңеште депутат болуп шайланып, элге татыктуу кызмат өтөгөн атуулдарга ыйгарылат.
Сунуш алган атуулдарга талап кылынуучу документтер:
- Сунуштаган жамаатын жыйналышынын протоколу,
- Өмүр баян,
- Паспорттун көчүрмөсү,
- Сыйлыктарынын көчүрмөлөрү,
Сунушту кароонун тариби
Ырыс айыл кеңеши тарабынан бекитилген комиссиянын отурумунда татыктуулар тандалат,
Токтом кабыл алынат,
Медал салтанаттуу түрдө ээсине тапшырылат,
Юбилейлик медалга туура келүүчү критерийлер
Ырыс айыл аймагына эмгеги сиңген жана аймакта 20 (жыйырма) жылдан кем эмес жашагандар,
Баатыр Энелер, Улуу Ата Мекендик, Ооган согушунун ардагерлери,
Жогорку, айыл кеңешинин депутаттары,
Маданият, спорттун өнүгүүсүнө салым кошкондор,
Инвестиция тартуу, долбоор жазуу аркылуу өз салымын кошкон активдүү инсандар,
Жобо мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Медалдын сүрөттөлүшү
Медалдын үстү жагы лавр жалбырагы менен оролгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу, көкүрөкө илинүүчү бөлүгү болуп эсептелет. Ошондой эле чынжырчага илинген тегерек сары металлдан жасалып, Ырыс Кудайбердиеванын трактор минип, жер айдап жаткан элеси чагылдырылган. “Ырыс Кудайбердиева 100 жыл” деген жазуу, өлкөбүздүн түштүк аймагындагы айыл чарбасынын негизги эгиндеринен болгон пахта жана жүгөрүнүн сүрөттөрү тартылган.
Үстүнкү бөлүгүндө кыргыздын улуттук орнаменти түшүрүлгөн.
Медалдын өлчөмдөрү:
- Туунун бийиктиги- 20 (жыйырма) мм,
- Туурасы - 32 (отуз эки) мм,
- Алдыңкы тегерек бөлүгү- 32 (отуз эки) мм