Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/5
“Ырыс айыл аймагынын атуулдарына “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамын жетекчиликке алып, Ырыс айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын “Айыл Мыйзамынын” жана айыл кеңешинин регламентинин негизинде айыл кеңешинин депутаттарынан турган демилгечи топтун сунушун депутаттар сессияда талкуулап, Ырыс айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” – наамын ыйгаруу боюнча жобо жана кабыл алынсын жана областтык малекеттик юстиция башкармалыгынан каттодон өткөрүлсүн. (жобо, төш белгинин эскизи жана сүрөттөлүшү тиркелет)
2. Төш белгини, күбөлүктү жана башка керектүү материалдарды даярдоого сарпталуучу чыгымдарды каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Х.Юлдашевке милдеттендирилсин.
3. Жобону каттодон өткөрүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Имановго милдеттендирилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө.
Ырыс айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Атакулов |
Кыргыз Републикасынын, Жалал-Абад областы, Сузак районуна караштуу Ырыс айыл аймагынын атуулдарына, “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
1. Негизги жоболор.
2. Ардактуу атуулдукка сунуштоонун тартиби.
3. Талап кылынуучу керектүү документтер.
4. Сунушту кароонун тартиби.
5. Ардактуу атуулдукка туура келүүчү категориялар
Ырыс айыл аймагындагы сыйланууга татыктуу жарандарга “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү Жобо Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын жана Ырыс айыл кеңешинин Регламентинин жана Айыл мыйзамынын (Устав) негизинде иштелип чыкты.
I Негизги жоболор
1. Жобо татыктуу жарандарга “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартибин аныктайт.
1. “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамы айыл кеңешинин сессиясында каралып, токтом кабыл алынат.
3. Жобо татыктуу жарандарга Ырыс айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу менен инсандын эмгегин баалап, эске алып, кадыр баркын сактап, келечек муундарга үлгү катары көрсөтүү аркылуу жаштарды эмгекчилдикке, мекенин сүйүүгө жана ак ниет кызмат кылууга тарбиялоону максат кылат.
II “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын сунуштоонун тартиби.
1. Жашаган же иштеген жеринен жамааттардын жыйынынын протоколунун негизинде,
2. Кесиптик жана даталуу күндөргө карата айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде,
3. Айыл кеңешинин төрагасы же төрайымынын сунушунун негизинде,
4. Аксакалдар кеңешинин төрагасы бир жылда бир жолу атуулга сунушунун негизинде,
5. Аялдар кеңешинин төрайымы бир жылда бир жолу атуулга сунушунун негизинде,
6. Жаштар кеңешинин төрагасы бир жылда бир жолу атуулга сунушунун негизинде
III Талап кылынуучу керектүү документтер
- “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” наамын сунуштаган жамааттын протоколу,
- Резюме,
- 3х4 өлчөмүндөгү 2 (эки) даана сүрөт,
- Паспорттун көчүрмөсү,
- Керектүү тиркемелер (сыйлыктар ж.б. көчүрмөлөрү)
IV Сунушту кароонун тартиби
- Ырыс айыл кеңеши тарабынан бекитилген комиссиянын отурумунда каралат,
- Комиссиянын чечими айыл кеңешинин сессиясына сунушталат,
- Сессияда каралып токтом кабыл алынат,
- Наам салтанаттуу түрдө ээсине тапшырылат.
V Ардактуу атуулдукка туура келүүчү категориялар
- Улуу ата мекендик согуштун ардагерлери
-Тылда күжүрмөн эмгектенгендерге
-Ооган согушунун жана Баткен коогалаңынын катышуучулары
-Баатыр энелер
-Жогорку, областтык, райондук жана айыл кеңешинин депутаттары
-Түрдүү кесипте, кесиби боюнча артыкчылыктуу эмгектенгендерге
-Кыргыз Республикасынын, областтын, райондун жана айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондор
-Маданияттын, искусствонун жана спорттун өнүгүүсүнө салым кошкондор
-Инвестиция тартуу, долбоор жазуу аркылуу салым кошкон бейөкмөт уюмдардын жана жамааттардын активдүү өкүлдөрү
VI Жобого жергиликтүү жамааттын, төраганын жана депутаттардын сунушу менен өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн
VII Жобо кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет
“Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу” төш белгисинин сүрөттөлүшү:
Төш белгинин көкүрөкө таккан бөлүгүндө лавр жалбырагы оролгон Кыргыз Республикасынын туусу көрсөтүлгөн.
Чынжырча менен илинген тегерекченин ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби бар, анын айланасында саат жебесинин багытында “Ырыс айыл аймагынын Ардактуу атуулу”- деген жазуу турат.
Ошондой эле кыргыздын орнаменти менен кооздолгон
Төш белги сары түстүү металлдан жасалган жана төмөндөгүдөй өлчөмдө:
Мамлекеттик туу: тикесинен-20мм;
туурасынан-32мм;
Тегерекченин диаметри:32мм.