Загрузка документа…
ЫРЫС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-февралы № 15/4
“Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусу жөнүндө”
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 23.02.2015-жылдагы № 05-6/51 сандуу каты менен кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 21.01.2013-жылдагы “2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндөгү” Жарлыгын колдоо максатында, депутаттар талкуулап, Ырыс айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сафаровка айылында жайгашкан Райондук ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн “Көк-Арт Өрөөнү” айылдык коомдук бирикмелеринин Ассоциациясынын базасында “Сузак аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасынын түзүлүшүнө макулдук берилсин.
2. “Сузак аймактык Таза Суу” муниципалдык ишканасы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Ырыс айыл өкмөтүнө, уюштуруучулардын катарында катышууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Имановко милдеттендирилсин
4. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Ырыс айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.М. Атакулов |