Редакцияот 27.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XX сессиясынын отуруму

 

2015-жылдын 27-февралы № XX-4

Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү иш планын бекитүү жөнүндө

Ноокат шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015- жылга иш планын бекитүү боюнча маселе каралып, айтылган пикерлерди эске алып, Ноокат шаардык кеңешиин заседаниясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаардык мэриясынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2015-жылга иш планы бекитилсин.

(План тиркелет)

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин алдындагы бюджет, финансы, экономика, соода маселелеры боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А. Гафаров

 

 

Ноокат шаардык кеңешинин 2015-жылдын 27-февралындагы кезектеги IV чакырылыш XX сессиясынын №XX-4 токтомуна №1 тиркеме

 

Ноокат шаар мэриясы тарабынан 2013-жылдын 13-январындагы “2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасыны туруктуу    өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын программасынын алкагында 2015-жыл ичинде аткарылатурган иштердин тизмеси.

№

Аткарылуучу    иштер

Аткаруу    мөөнөтү

Акча каражатын иштетүү    булактары

Жооптуу адамдар

1

Шаардын аймагындагы мектептердын көмүр сактоочу навестерин куруу

2015-жылдын 1-кварталы

Жергиликтүүбюджет

Мун. менчик департаменти

2

“Ноокат Коммунальщик” АКна атайын техникаларды сатып алуу

2015-ж. ичинде

Жергиликтүү бюджет (Грант) эсебинен

А.Кодиров

3

Төлөнов жана К.Жакыпов көчөсүн асфальттоо

2015-ж.сентябрь

Жергиликтүүбюджет

Мун. менчик департаменти

4

Көп кабаттуу үйлөргө Таштак кварталында 3 жерге ажааткана куруу

2015-ж. Апрель

Жерг. Бюджет

Мун. менчик департаменти

5

 Таштак кварталындагы көп кабаттуу үйлөрдүн ички жолдорун асфальттоо

2015-жыл

 

Жергиликтүү бюджеттен

Мун. менчик департаменти

6

Бостон кварталына ФАП куруу

2015-жыл

Түрткү берүү грант

Ж.Ураимов

7

Бостон кварталында көпүрө куруу

2015-жыл май-июнь

ӨКМ жана жерг. бюджет

Мун. менчик департаменти

8

А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасына эмеректерин сатып алып берүү

2015-жыл ичинде

Донор МЕРСИКО жана жерг.бюджет

М.Абдурасулов

9

Борбордук көчөлөрдүн арыктарын реконструкциялоо

2015-жыл апрель-май

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

10

Лутфуллаев жана К.Жакыпов жана көчөлөрүнө түнкү жарыктандырууну орнотуу

2015-жыл май-июнь

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

11

Х.Абдумаликов, Т.Умиров, А.Алланазаров, Толонов, Аэропорт көчөлөрүн асфальттоо

2015-жыл

ичинде

Республикалык бюджет

Мун. менчик департаменти

12

Шаардын көп кабаттуу үйлөрдүн ички жолдорун асфалтьтоо

2015-жыл август

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

13

Таштак кварталынын жашоочулары үчүн А.Лутфуллаев көчөсүнө трансформатор орнотуу

2015-жыл ичинде

РЭТ ишканасы жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

14

А.Лутфуллаев көчөсүнө тратуар жаткыруу

2015-жыл май-июнь

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

15

Абдуллаев орто мектебине спорт зал куруу

2015-жыл июнь-август

Республикалык    бюджет

Мун. менчик департаменти

16

Барын кварталдык комитетине имарат куруу

2015-жыл май

Ашар жолу жана жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

17

Крупская атындагы орто мектепке китепкана куруу

2015-жыл июнь-август

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти

18

Жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жол белгилерди орнотуу

2015-жылдын 1-квартали

Жерг.бюджет

Мун. менчик департаменти