Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 15/6
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун, аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун, жаштар комитетинин иштерин активдештирүү максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Гулчо айыл өкмөтүнүн айыл Кенешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Каришовдун билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун, аялдар кенешинин, аксакалдар сотунун, жаштар комитеттери менен биргеликте ар кандай иш чараларды уюштуруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын таап берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатын өз максатында сапаттуу пайдалануу Гүлчө айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун төрагасы С.Каришовго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |