Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-февралы № 15/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында малдардын бейгамдыгын камсыздоодо адис жетишпей жаткандыктан толук штаттуу ветеринардык адис алуу жөнүндө
Гулчо айыл өкмөтүнүн айыл Кенешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировдун билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагында малдардын бейгамдыгын камсыздоодо адис жетишпей жаткандыктан толук штаттуу бир ветеринардык адис кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган адис үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |