Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-февралы № 16/1
Гүлчө айылындагы бардык дүкөн, кафелерде жашы жете элек өспүрүм балдарга спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча
Гүлчө айылдык кенешинин 5 чакырылышынын кезексиз 16-заседаниеси Гүлчө айылдык кенешинин төрагасы Ш.Жапановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундогу мыйзамынын» 36- беренесинин 1- пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок , ларектердин иштөө графиги 08.00 дөн 23.00 гө чейин болуп бекитилсин.
2.Гүлчө айылында жайгашкан бардык кафе жана ресторандарында мектеп окуучуларынын оюн-зоок кечелерин өткөрүүгө тыюу салынсын.
3. Гүлчө айылында жайгашкан бардык соода сатык дүкөндөрү, кафелери жана башка камок , ларектер 16 жашка чейинки мектеп окуучуларына тамеки, энергетикалык жана спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |