Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 13/1
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин конкурстук негизде берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүп төгүлүшүнүн абалы жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Р.Какаровдун билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарына ылайык айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусундагы жерлердин конкурстук негизде берилиши жана ижара акыларынын өндүрүлүп төгүлүшүнүн абалы эске алынсын.
2. КБФнын жерлерин тактоо жана ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы өзгөртүлүп төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Кадырбаев Муртаза – айылдык кенештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. Кадырова Элиза – айыл кенештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы
3. Самиев Н – айыл кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
4. Т.Тажиков - айыл кенештин депутаты, комиссиянын мүчөсү
5. Каришов С – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын мүчөсү
6. А.Аттокуров – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын мүчөсү
7. М.Тоймаматов- Таш-Короо айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
8. К.Молдоматов – Жылы Суу айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
9. А.Капаров – Кыркоол айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |