Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 13/2
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин , орто мектептердин кышка карата даярдыгын көзөмөлгө алуу жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси айыл өкмөтүнүн эсепчиси О.Исаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, орто мектептердин кышка карата даярдыгы айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын сунушу эске алынсын.
2. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин , орто мектептерди сапаттуу кышка карата даярдоо, көмүрканаларды ондоо, жыл башында айылдык кенештин сессиясында бекитилген электр энергиясы үчүн бөлүнгөн лимиттерди сактоо мектеп жана бала бакча директорлоруна тапшырылсын жана белгиленген лимиттен ашса өздөрүнүн жеке жоопкерчилигине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы ФЭБ башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |