Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 13/6
Гүлчө айылынын №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей интернатына тынын директору К.Бөкөбаевдин Гүлчө өкмөтүнө жазган өтүнүч каты жөнүндө
Гүлчө айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Р.Какаровдун билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылынын №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей-интернатына тынын директору К.Бөкөбаевдин Гүлчө өкмөтүнө жазган өтүнүч каты канааттандырылсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган Гүлчө айылынын Уманов көчөсүндө жайгашкан алма багынын тиешелүү документтерин тактап токтом чыгарып берүү жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган Гүлчө айылынын Уманов көчөсүндө жайгашкан алма багын №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы лицей-интернатынын балансасына өткөрүп берүү жагы айыл кенештин агрардык жана жер реформасы жөнүндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдүн жоопкерчилигиме калтырамын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |