Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 13/8
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан балык уулоого тыюу салуу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси Гүлчө айыл кенешинин депутаты Н.Самиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан генератор менен балык уулоого 2014-жылдын 30-сентябрынан 2019-жылдын 30-сентябрына чейин тыюу салынсын.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы суулардан генератор менен балык уулаган жарандарга Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралыдагы №35Мыйзамынын 149-2 беренесине ылайык айып салынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |