Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-ноябры № 224/27-6
Талас шаарынын Гербин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 1бөлүмүнө ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын Талас шаарынын Гербин тандоо боюнча комиссиясынын чечими боюнча Талас шаардык мэриясынын 30.10.2015-жылдын №01-5/1298 чыгыш сандуу катынын негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Герби №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүү жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Депутаттык этика, мыйзамдуулук, укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана көчөлөрдүн жана башка социалдык обьектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Б.Тууганбаев) тапшырылсын.
Төрага |
А. Джузупбеков |