Загрузка документа…
КР Президентинин
2011-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2000-жылдын 12-майы ПУ № 117
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин
алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну
реформалоону колдоо боюнча Комиссия жөнүндө
Республикада жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоого колдоо көрсөтүү боюнча уюштуруу, укуктук, экономикалык жана башка чаралардын комплексин шашылыш иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну андан ары өнүктүрүүнүн Концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарынын аракетин координациялоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоону колдоо боюнча Комиссия (мындан ары Комиссия) түзүлсүн, ал өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
2. Комиссиянын төрагасынын милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Өмүралиев Төлөбек Эсенгуловичке жүктөлсүн.
3. Комиссиянын курамы бекитилсин (тиркелет).
4. Комиссия төмөнкүлөрдү аткара тургандыгы белгиленсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну динамикалуу жана туруктуу өнүктүрүүнү жана анын финансы-экономикалык негиздерин чыңдоону камсыз кылууга багытталган уюштуруу-укуктук чаралардын комплексин өз убагында иштеп чыгуу жана кабыл алуу максатында мамлекеттик аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жана биргелешип аракеттенүүсүнө талдоо жүргүзөт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- мамлекет башчысынын жана республиканын Өкмөтүнүн атайын чечимдерин кабыл алууну талап кылбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кечиктирилгис маселелерин чечүү үчүн шашылыш чараларды кабыл алат;
- аткаруу бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин туура эмес аракеттерине жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын билдирүүлөрүн жана кайрылууларын текшерет.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Комиссиянын ишине бардык чаралар менен колдоо көрсөтсүн.
6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев
Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2000-жылдын
12-майындагы № 117 Указы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин
алдындагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну
реформалоону колдоо боюнча Комиссиянын курамы
Өмүралиев Төлөбек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
Эсенгулович Кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо бо-
юнча мамлекеттик агентствонун директору -
Кыргыз Республикасынын Президентинин
кеңешчиси, Комиссиянын төрагасы;
Төрөмырзаев Эмирлан - Кыргыз Республикасынын Финансы министринин
биринчи орун басары, Комиссиянын төрагасы-
нын орун басары;
Карашев Аалы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Азимович нистрациясынын уюштуруу иштер жана мамле-
кеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн экспер-
ти, Комиссиянын жооптуу катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Укушов Мурат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-
Каниметович нистрациясынын юридикалык бөлүмүнүн башчы-
сы;
Азылов Жыргалбек - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
Кумарович Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн
башчысы;
Кошоев Темирбек - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамаат-
Кудайбергенович тарынын Конгрессинин вице-президенти;
Турдукулов Маматшарип - Кыргыз Республикасынын Айыл жана суу чарба
министринин биринчи орун басары;
Абдуллаева Үктөмхан - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социал-
Авазовна дык жактан коргоо министринин биринчи орун
басары;
Глиненко Виктор - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо
Михайлович министринин биринчи орун басары;
Мамыров Эркинбай - Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин
Табакелович орун басары;
Ормонбеков Тыныбек - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим
жана маданият министринин орун басары;
Мадмаров Азизбек - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк
Маматович фондунун төрагасынын орун басары;
Арабаев Чолпонкул - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы
Исаевич Миграция жана демография боюнча мамлекет-
тик агентствонун директору.