Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 30-сентябры № 13/9
Курманжан датка айылындагы №6 Балбөбөк балдар бакчасынын 2014-жылдын 26-сентябрындагы ата-энелер чогулушунун №1 протоколу жөнүндө
Гүлчө айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын 13-заседаниеси Гүлчө айыл кенешинин депутаты А.Эргешованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн Курманжан датка айылынын №6 Балбөбөк балдар бакчасында 2014-жылдын 26-сентябрында өткөрүлгөн ата энелер чогулушунун №1 протоколу эске алынсын.
2. Курманжан датка айылындагы №6 Балбөбөк балдар бакчасынын ата энелер тарабынан төлөнүүчү акы 400 сом болуп бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы ФЭБ башчысы М.Тажиковага жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |