Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 26-декабры № 14/5
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Кадыров көчөсүнө асфальт төшөө жөнүндө
Гулчо айыл өкмөтүнүн айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 15-заседаниеси Кыргыз Республикасынын улуштук (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Кадыров көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жазылган долбоорду карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу М.Кадыров көчөсүнө асфальт төшөө үчүн жазылган долбоорду карап чыгып улуштук (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 528396 сомдун 50% ы - 264184 сом акча каражаты Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл окмотунун башчысы Б.Таировго милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |