Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ЧЕЧИМ
2014-жылдын 26-декабры № 14/6
Алай районундагы, Алай өз алдынча баланстагы токойчулугун Алай токой чарбасы статусуна көтөрүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 14-заседаниеси Алай районунун аймагында Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө, Алай, Бүлөлү мастердик участкалары жайгашкан. Жер боюнча аянты Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эн ириси болуп эсептелет.Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына, ийне жалбырактуу арча, карагай көчөттөрүн өстүрүүгө, питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү, райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай жана Бүлөлү мастердик участкаларынын жана жээкти бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Алай токой чарбасын түзүүгө тиешелүү иш кагаздарын тактоо жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таировго жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Жапанов |