Редакцияот 19.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVIII СЕССИЯСЫ

 

2015-жылдын 19-февралы № 136/18-3

Имараттарды муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 30.01.2015-ж. чыг. №85/1-4 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

Токмок шаардык Кеңеши токтом кылат:

1. Токмок ш. Чкалов көчөсү 4 дарегинде жайгашкан, 750 ч.м. жер тилкесиндеги үй-бүлөлүк жагдайдагы “Бейкут үйү” балдар үйүнүн мүлктүк комплекси муниципалдык менчикке кабыл алынып, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына ыкчам башкаруу укугунда өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Р. Таманбаев