Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XVIII СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 19-февралы № 137/18-3
Автодромду ыкчам башкаруу укугунда Шаардык билим берүү бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 20.11.2014-ж. чыг. №2172/1-4 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
Токмок шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Токмок ш. Ленин көчөсү дарегинде жайгашкан автодромду Токмок шаарынын Билим берүү бөлүмүнө ыкчам башкаруу укугунда өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкерликти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |