Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIX СЕССИЯСЫ
2015-жылдын 26-февралы № 152/19-3
Автобекетти Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинатына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 30.01.2015-ж. чыг.№86/1-4 кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15-16-беренелеринин негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен Токмок шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Совет-Северная көч. (Бишкек-Торугарт айланып өтүүчү автожолу) дарегиндеги, аянты 9250 ч.м. жер тилкесиндеги автобекетти, жанындагы имараттары менен (бастырма, диспетчердик пункт, ажаткана) чарба жүргүзүү укугунда Токмок ш. Коммуналдык ишканалар комбинатына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Р. Таманбаев |