Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-февралы № 19-1
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин иш-планын бекитүү
Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн иш-планын талкуулап Кеңеш айылдык айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2015-жыл үчүн кабыл алган иш-пландары өзгөртүүлөр, толуктоолор менен кошо кабыл алынып, бекитилсин.(иш-план тиркелет)
2. Иш-планда кабыл алынган маселер тиешелүү жооптуу адамдар тарабынан өз убагында аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Ташбаев М. А. |
| 2015-жылдын 24-февралындагы кезектеги он тогузунчу сессиясынын № 19-1-токтомуна тиркеме. Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2015-жылга карата түзүлгөн иш планы |
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну. | мөөнөтү | Ким даярдайт жана аткарууга жооптуулар. |
1.
2.
3. | Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2014-жыл дагы аткарылышы, 2015-жылга карата бюджетин бекитүү. ФЭБнүн башчысы Мадраимовдун доклады жана бюджет боюнча туруктуу комисиянын билдирүүсү. Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык планын 2015-жылга бекитүү. Айылдык кеңештин иш-планын бекитүү |
I чейрек. 2015-жыл. | ФЭБнүн башчысы Мадраимов А Бюджет боюнча туруктуу комиссия. а/ө башчысы Кудайбердиев К |
1.
| Кеңеш айыл аймагындагы айылдарда ысырапкерчиликти кыскартуу, диний-экстремизмге каршы күрөшүү, жаштарды аскердик-патриоттук сезимде тарбиялоонун жана аскерге чакырылуунун абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу. «Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт иштери» боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү. | II чейрек.
| Ж.Маматалиев О.Исабаева «Мыйзамдуулук, укук, миграция, туризм, жаштар жана спорт иштери» боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү |
1.
| Кеңеш айыл аймагындагы айылдардагы инвестиция тартуу жолу аркылуу жана колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен өнөр жай ишканаларын куруу боюнча аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу. Айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү. | III чейрек.
| Б.Маткеримов Айыл башчылар Айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо, транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү. |
1.
| Кеңеш айыл аймагында жайгашкан мектептердин, №9-ҮБДТнун, балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча аткарып жаткан иштери жана айыл өкмөтүнүн бюджетинен алган акчаларды максатуу пайдалануусунун абалы тууралуу. Социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсү. | IV чейрек. | Ысакова Гүлсүн Социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү |
1.
2.
3. 4.
5.
6 | Уюштуруу иштери боюнча: Даталуу күндөрдү белгилөө жана айыл айылдарга иш-чараларды түзүү. Шайлоочулар менен депутаттардын жолугушууларын жана отчетторду айылдар боюнча уюштуруу. Депутаттардын окууларын уюштуруу. Депутаттардын кабыл алуусун уюштуруу, графигин түзүү. Айылдык башкаруунун ишин жөнгө салуу. Арбын жана Шаңкол айылдарында иштетүү. Арыз-даттануулар, келген каттар менен иштөө. |
Убагында
убагында
Чейрек сайын
1-чей дайыма |
Айыл башчылар, аппарат кызматкерлери Айылдык кеңештин депутаттары. Ташбаев М Жооптуу катчы.
Айыл башчылар. Депутаттар. |