Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 2
Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Адыр айылындагы борбордук парктын ичин жарыктандыруу, отургучтарды орнотуу, жашылдандыруу жана айланасын курчоо иштерине түрткү берүүчү грант аркылуу долбоордук сметалык баасынын 20% өздүк салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен каражат бөлүп берүү максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен Кызыл-Адыр айылындагы борбордук паркка түрткү берүүчү грант тарабынан талап кылынган 20% өздүк салым үчүн, 720 328 (жети жүз жыйырма миң үч жүз жыйырма сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу А.Бейшеновага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин финансы-бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |