Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 3
Кара-Буура айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты Торобеков Канат Барпыбековичтин депутаттык ыйгарым укугун токтотуу максатында Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торобеков Канат Барпыбекович Кара-Буура айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп дайындалгандыгына байланыштуу 2012-жылдын 25-ноябрындагы №18 күбөлүгү жокко чыгарылсын жана депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун.
2. Кийинки катардагы депутатка мандат берүү жагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |