Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-марты № 5
Кыргыз Республикасынын “Жер жөнүндө” Кодексинин 8-статьясынын, 3-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 29-июлундагы “Айыл чарбасындагы кайра бөлүштүрүү фондунун (ФПЗ) жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” №1997-III токтомун жетекчиликке алып, Кара-Буура айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл өкмөтүнө караштуу К-619-13,70, К-623-25,80, К-624-26,40 жана К-625-5,40 контурларындагы 71,7 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Башталгыч баасы 10 000 (он миң) сомдон белгиленсин.
3. Жердин 20% аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө түз келишимдин негизинде берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин муниципалдык менчик, айыл чарба көрктөндүрүү жана укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Бекболотовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Усупбеков |