Редакцияот 22.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2014-жылдын 22-апрели № 3

Кызыл-Адыр айылына жалпы билим берүү орто мектептин жаңы имаратын курууга жер участок бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Адыр айылына жалпы билим берүү орто мектептин жаңы имаратын курууга жер участок бөлүп берүү максатында Кара Буура айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Адыр айылын калктуу конушун кеңейтүүгө берилген К-380/51.8 контурундагы 1,5га участок билим берүү орто мектептин имаратын курууга берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Усупбеков