Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 2
Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын 2014-жылдын 14-мартындагы кезектеги XIII – сессиясынын №5-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Талас облустук прокуратурасынын 2014-жылдын 11-июнундагы “Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 6-чакырылышынын 2014-жылдын 14-мартындагы кезектеги 13-сессиясынын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө” №11/4-14 сандуу протестинин негизинде Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин VI-чакырылышынын 2014-жылдын 14-мартындагы кезектеги XIII – сессиясынын “ Кара-Буура айыл өкмөтүндөгү К-619-13,70, К-623-25,80, К-624-26,40 жана К-625-5,40 контурларындагы 71,7 га кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө” №5-токтом жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык Кеңешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент комитетине тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |