Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 13-июну № 3
Жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсүн берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы №274-токтомунун негизинде Кара-Буура айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас-Тараз-Суусамыр автожолунун 49-чакырымынын Пост-ГАИ гребень плотина кесилишинин түштүк тарабынан жүк ташуучу автоунааларга көзөмөлдүк тараза коюуга жер бөлүкчөсү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы оор салмактагы, ири габариттүү транспорт каражаттарын тараза аркылуу өтүшүн көзөмөлдөө жана тоннелдер боюнча кызмат башкармалыгына пайдалануу үчүн берилсин.
2. Кара-Буура айыл өкмөт башчысы А.Бекболотовго токтомду аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба жана көрктөндүрүү комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Усупбеков |